13-14-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында Эко Хакатон 2024 өкөрүлүп, ага Кыргызстандын 17 университетинин командалары өздөрүнүн экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорун сунушташты.
Эко Хакатондо Мухаммадсыдык Ысламов жана Шарапат Нармирзаевалардын жетекчилиги астында ОшТУнун ENACTUS командасынын студенттери ийгилик жаратып, сунуштаган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ЮНИСЕФтен 1000 АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо алды.
Эскерте кетсек, бул иш-чарага Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарынан «Илимдеги кыздар» насаатчылык программасынын ментилери катышып, климаттын чакырыктарына каршы туруу үчүн күчтөрдү кантип бириктирүү жана аялдарды коргоо үчүн алардын ролун өзгөртүү агенттери катары кыздар менен аялдарга колдоо көрсөтүүнү талкуулашты.