ОшТУ Кыргыз Өкмөтүнүн тапшырмаларын ишке ашыруу максатында өлкөбүздөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге иш алып барууну баштады. Бул багытта ОшТУнун ректору профессор Ж.Ж.Турсунбаев жетеген делегация Ташкент шаарында “Күрүч жана буурчак өсүмдүктөрүн селекциялоо, себүү жана өстүрүүнүн агротехнологияларынын илимий-практикалык негиздери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Конференциянын алкагында Өзбекстан Республикасынын Күрүч илимий-изилдөө институтунун директору М.А.Саттаров, Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Саипбаев жана ОшТУнун ректору профессор Ж.Ж.Турсунбаев кызматташуу максатында үч тараптуу келишимге кол коюшту. Бул келишим Кыргыз Республикасынын айыл чарбасында күрүч изилдөөнүн артыкчылыктуу программаларын координациялоодо, улуттук жана эл аралык конференция, тренингдерди жана илимий-техникалык алмашууларды жүргүзүүдө, күрүч өстүргөн дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоодо, күрүч боюнча маалыматтык жана илимий эмгектерди чыгарууда жана адистерди даярдоодо маанилүү ролду ойнойт.
ОшТУда айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Э.А.Смаиловдун жетекчилигинде күрүчтү изилдөө боюнча илимий мектеп калыптанган. Жакында эле бул илимий мектеп Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) жарыялаган конкурста “Түштүк Кыргызстандын шартында күрүчтү жыйнагандан кийин кайра иштетүүнүн жаңы технологиясын иштеп чыгуу жана практикада колдонуу” деп аталган долбоору үчүн грант утуп алды. Учурда ийгиликтүү иштеп жатат.
Конференцияда ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев “Кыргызстан менен Өзбекстандын илимий мекемелеринин адистерди биргелешип даярдоонун келечеги” аттуу темада баяндама жасады. Учурда ОшТУнун 4 бүтүрүүчүсү – Абдували Норматов, Мухтар Рахманов, Камола Каюмова жана Нодир Туйгунов Ташкент шаарындагы аталган институтта докторантурада окууларын улантып жатса, 3 бүтүрүүчүсү илимий кызматкер катары эмгектенип жатышат.
Мындан сырткары конференциянын жүрүшүндө Кытай улуттук күрүч изилдөө институту, Ветьнам күрүч илимий-изилдөө институтунун жетекчилери жана Түштүк Кореядан келген өкүлдөр менен да күрүчтү өстүрүүдө сапатын жогорулатуу боюнча кызматташууну макулдашты.