Ош технологиялык университетинин ректору профессор Ж.Ж.Турсунбаев жетектеген делегация Ташкент шаарындагы геологиялык илимдер университетинде болушту.
Аталган университет менен ОшТУнун ортосунда 2023-жылы эки тараптуу кызматташуу келишими, жол картасы түзүлгөн. Анын негизинде 2023-2024 окуу жылында геологиялык багытта эмгектенген окутуучулар ортосунда академиялык мобилдүүлүк программасы ийгиликтүү ишке ашырылды, кызматташуу тажрыйбага ээ болушту.
Бул иш сапарда жаңы 2024-2025 – окуу жылында кызматташуунун багыттары, алдыдагы милдеттер боюнча сүйлөшүштү жана геологиялык жана экономикалык багытта студенттер аралык академиялык мобилдүүлүк програмасын кеңейтүү жана жождор аралык эл аралык рейтингдерге биргелешип катышуу, аракеттенүү боюнча макулдашышты. Андан кийин окуу жайдын кампусуна экскурсия уюштурулуп, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты.
Делегациянын бул иш сапары окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат жана эки университеттин студенттери жана окутуучулары үчүн жаңы перспективаларды ачмакчы.