2024-жылдын 21-августунда ОшТУда ректор Ж.Ж.Турсунбаев жетекчилиндеги курам менен Weatherpia Co., Ltd компаниясынын башкы менеджери Канг Сео-ёнг айым жана Weatherpia Co., Ltd компаниясынын жетекчисинин орун басары Кюнг Хунмо айым менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда Ош облусундагы табигый кырсыктардын абалы жана Кыргыз Республикасындагы эрте кабарлоо системасынын абалы, Кыргызстандын түштүгүндө табигый кырсыктар учурунда коопсуздукту камсыздоо, кырсыктарды болтурбоо же алдын алуу технологияларын өнүктүрүүнүн абалы, кадрдык ресурстар жана факультеттин/кафедранын потенциалын жогорулатуу маселелери күн тартибинде каралды жана Weatherpia Co., Ltd менен ОшТУнун ортосундагы өз ара кызматташуунун келечеги талкууланды.
Иш-чара ОшТУнун технология жана айлана-чөйрөнү башкаруу факультетинин демилгеси менен өткөрүлдү жана жолугушууга ОшТУнун ректору профессор Турсунбаев Ж.Ж., сырткы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору Акматалиев А.Т., технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканы Тешебаева З.А., профессордук-окутуучулук курам катышты.