Ош техехнологиялык университетине Кытай Эл Республикасынын Хубей провинциясындагы Шицзячжуан темир жол институтунун проректору У Эли (WU ALI) жетектеген делегация келди. Делегация Шицзячжуан темир жол институтунун жана Кыргыз-кытай инвестициялык палатасынын ассоциациясынан биргелешкен курамынан түзүлгөн. Келген делегациянын негизги максаты – “Бир алкак – бир жол” долбоорунун алкагында ОшТУ менен биргеликте “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу үчүн жана Ноокат районунда курулуп жаткан ири жер семирткичтер заводуна адистерди даярдоо жана келечекте кайсы тармакта иштешүүнүн пландарын талкуулоо болуп саналат. Конокторду ОшТУнун ректору профессор Ж.Ж.Турсунбаев жетектеген курам кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу туурасында кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Жолугушуунун жыйынтыгында ар бир тарап эмнелерди аткаруусу, окуу процессинин башталуусу, жүрүүсү жана механизмдери, окуу жайдагы шарттар туурасында так тактап алышты. Жакынкы арада жер семирткичтер заводуна адистерди окутууну баштоого токтолушту, андан кийин темир жолу үчүн адистерди даярдоого даярдык көрүүнү макулдашты.
Келген делегациянын курамы:
1. У Эли – Шицзяжуан темир жол техникалык институтунун проректору
2. Ли Йи – Шицзяжуан темир жол техникалык институнун Билим берүү жана окутуу борборунун жетекчиси
3. Ли Хуэйин — Шицзяжуан темир жол техникалык институнун Гуманитардык жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысынын орун басары
4. Ду Цзяньхуа — темир жол инженери кафедрасынын жол жана көпүрө куруу тармагындагы изилдөө бөлүмүнүн башчысы, Шицзяжуан темир жол техникалык институтунун профессору
5. Дун Юцянь – эл аралык алмашуу борборунун жетекчисинин орун басары
6. Бекматов А.Г. – долбоордун демилгечиси
7. Чжао Сюэцзун Башкы катчысы – Кыргыз-кытай инвестициялык палатасынын Ассоциациясынын башкы катчысы, «Кыргыз жер семирткичтер заводу» ЖЧКсынын башкы директору.
8. Лиу Цян – Бай Доу Цзя жер семирткичтери компаниясынын вице-президенти
9. Исажан Турсун – Кыргыз-кытай инвестициялык башкы палатасынын ассоциациясынын катчысынын орун басары, «Кыргыз жер семирткичтер заводу» ЖЧКсынын башкы директорунун жардамчысы.
10. Ли Чжэнгюань – «Кыргыз жер семирткичтер заводу» ЖЧКсынын архитектору