28-июлда Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Ж.Турсунбаев жетектеген делегациянын катышуусунда Кытай Эл Республикасынын Ляочэн шаарында Борбордук Азия эл аралык жогорку деңгээлдеги таланттарды даярдоочу базанын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Беларусь, Казакстандан илимпоздор жана Кытай Эл Республикасынан Ляочэн шаарынын жетекчилиги, ал шаардагы университеттердин өкүлдөрү, чыгаан илимпоздор, кытайлык компаниялар катышты.
Ректор Ж.Ж.Турсунбаев: “Бул иш сапардын алкагында Ош облусунун жана Шаньдун провинциясынын ресурстарын жана өнөр жай артыкчылыктарын толугу менен пайдаланып, Шаньдун провинциясы менен Ош облусу, Ош шаары жана Ляочэн шаарынын кызматташуусуна өбөлгө түзөөрүбүзгө ишенебиз. Эл аралык жогорку деңгээлдеги таланттарды окутуу, архитектура, технология, техника багытында жетишкендиктерди трансформациялоо жана эки тараптуу мамилелердин келечегине жаңы күч жана үмүт артарыбызды билдиребиз. Кызматташтык тереңдеген сайын Кытай менен Кыргызстандын кызматташтыгы дагы үзүлгүс болуп, жалпы адамзаттын келечеги бар коомчулуктун жаңы барагын биргелешип жазат деп айтууга негиз бар…”– деп билдирди.
Ляочэн шаарынын вице мэри Ван Ган иш-чарага катышып, Борбордук Азия эл аралык жогорку деңгээлдеги таланттарды даярдоо базасынын ийгиликтүү ачылышы «достук чөйрөсүн» мындан ары кеңейтип, жаңы өндүргүч күчтөрүн өстүрөөрүн жана базаны өнүктүрүү үчүн эл аралык деңгээлдеги илимпоздордун тартылышын кубаттады.
Борбордук Азия эл аралык жогорку деңгээлдеги таланттарды биргелешкен окутуу базасы Борбордук Азиядагы жана Кытай, Россия, Беларусь өлкөлөрүндөгү илимпоздордун илимий изилдөөлөрүн практикага, өндүрүшкө пайдаланууга көмөктөшөт жана эл аралык деңгээлде алдыңкы окумуштуу педагогдордун билим берүү ресурстарын экспорттоого база болуп берет. Бул база ОшТУнун жана Ляочэн шаарынын жетекчилигинин биргелешкен демилгеси менен ишке ашты.