Кытай Эл Республикасынын Ляочэн шаарындагы Жогорку технологиялык аймакта 2024-жылы “Бир алкак жана бир жол” эл аралык алмашуу конференциясы өтүп, ага Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Ж.Турсунбаев жетектеген делегация катышты. Андан сырткары Кыргыз Республикасынан, Беларусь Республикасынан, Казакстан Республикасынан жана Кытай Эл Республикасынан белгилүү окумуштуулар, профессорлор, академиктер жана эсперттер катышты.
Конференциянын жүрүшүндө ОшТУ менен Ляочэн шаарындагы Жогорку технологиялык аймакты башкаруу комитети бир катар стратегиялык кызматташтык келишимдерине кол коюшту жана бир катар тематикалык кол коюулар да болуп өттү, бир катар кызматташуу ниеттерине жетишишти жана чет өлкөлүк университеттер менен илимий-изилдөө институттарынын бир катар жогорку деңгээлдеги илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын чыгарышты.
Кол коюу аземинен кийин “Жаңы өндүрүмдүүлүктө өз ара байланыштын деңгээлин жогорулатуу жана кызматташтыкты кеңейтүү” деген темада эл аралык тажрыйба алмашуу жолугушуусу болуп өттү. ОшТУ менен кызматташуу максатында илимий изилдөө институттарынын, бир канча өндүрүштүк ишканалардын жана мекемелердин өкүлдөрү академиялык алмашууларды жүргүзүштү, Кыргызстандан профессор Э.А.Смаилов, И.Г.Кенжаев жана Беларусь Республикасынан, Казакстандан келген окумуштуулар практикалык мазмундагы баяндамаларын жасашып, өндүрүшкө кийирүү үчүн сунуштарын беришти. Ректор Ж.Ж.Турсунбаев бул жолугушуунун жыйынтыгында жыйынга катышкан кытайлык бардык компанияларды, ишканаларды ОшТУ менен биргелешип иштөөгө, инвестиция салууга үндөдү.
Маалымат үчүн, Ляочэн шаарында 6,5 млн.дон ашуун калк жашайт, Кытай Эл Республикасынын Шандунь провициясында жайгашкан. Шаардын 2023-жылкы бюджети 8,7 млр.долларды түзгөн.