Түштүк Корея мамлекетинин Сеул шаарындагы Суңшил университетинен 25 адамдан турган делегация биздин окуу жайга жайкы лагерге келишти. Окуу жайдын ректору Жанболот Турсунбаев келген делегацияны тосуп алып, аларга Ош технологиялык университети тууралуу маалымат берүү менен бирге ыраазычылык билдирди.
Биздин университеттеги Сежоң Хагдан корей тили борборунун уюштуруусу менен жыл сайын салтка айланган иш-чара быйыл дагы өткөрүлүп, келген делегация 28-июлга чейин биздин окуу жайда болушмакчы. Мында биринчи кезекте, корей борборунан тил үйрөнүп жатышкан студенттерге жана окуучуларга корей тилинде сабак өтүшөт. Эки элдин маданиятын даңазалоо жана эки мамлекеттин ортосундагы байланышты чыңдоо максатында ар кандай оюн-зоок программалары уюштурулмакчы.
Ош технологиялык университети бир нече жылдан бери Түштүк Корея мамлекети менен тыгыз байланышта иш алып барат. Эки тараптуу түзүлгөн келишимдерге ылайык академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча биздин бир нече студенттерибиз Кореянын жогорку окуу жайларынан билим алып келишти. Ошондой эле, учурда дагы биздин университеттин студенттери ал жактан билимдерин улантып жатышат.