Ош технологиялык университетинде абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун биринчи туру башталды. Быйылкы окуу жылында абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт.
Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz аркылуу тапшырат.
Жогорку окуу жайларга кабыл алуу беш этапта жүргүзүлөт.
ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү :
I тур – 15-июль саат 8:00дөн 17-июль саат 14:00гө чейин;
II тур – 22-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;
III тур – 29-июль саат 8:00дөн 3-август саат 14:00гө чейин;
IV тур – 5-август саат 8:00дөн 10-август саат 14:00гө чейин.
V тур – 12-август саат 8:00дөн 17-август саат 14:00гө чейин.