Ош технологиялык университетинин стол теннис залы өз ишмердүүлүгүн жогорку деңгээлде көрсөтүп келе жатат. Университетибиздин спортсмендери шаардык, областтык, республикалык, эл аралык деңгээлдеги мелдештерге катышып, байгелүү орундарды алып келүүдө. Стол теннис залын ага окутуучу Каримов Акыл Козуевич жетектеп келет.
ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаевдин колдоосу менен стол теннис залына заманбап, сапаттуу спорттук шаймандар жана курама команданын ар бир мүчөсүнө атайын спорттук форма алынып, тапшырылды.