Карабүк университетинин ректору, профессор Фатих Кырышыктын расмий чакыруусу менен ОшТУнун ректору, профессор Ж.Ж. Турсунбаев жетектеген делегация Карабүк университетинде болду.
ОшТУнун ректору Ж.Ж. Турсунбаев жетектеген делегация менен Карабүк университетинин ректору Фатих Кырышыктын кеңейтилген форматта эки тараптуу кызматташуу жолугушуусу болуп өттү. Жыйынга Карабүк университетинин проректору профессор Элиф Чепни, башкы катчы Лүтфү Ком жана эл аралык байланыштар боюнча координатор Аднан Ужур, ж.б. катышты.
Эки университеттин ортосунда окуу, илимий багытта эл аралык кызматташуу келишимине жана Карабүк университети тарабынан уюштурулган Ден соолук илимдери фестивалы (Sağlıkfest) жана Коомдук илимдер фестивалынын (Sosyalfest) кызматташуусун камтыган келишимдерге кол коюлду.
Жолугушууда КБУнун ректору Фатих Кырышык жана ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев академиялык кызматташтыкты бекемдөө жана мүмкүн болуучу долбоорлор боюнча пикир алышып, алдыдагы максаттарын, милдеттерин макулдашып, бир пикирге келишти.
Карабүк университетинин ректору профессор Фатих Кырышык: «Бул кызматташтык менен университеттерибиз ортосунда жана өлкөлөрүбүздүн ортосунда күчтүү академиялык жана илимий байланыштарды түзүүнү максат кылуудабыз. Биз студенттерибизге жана илимпоз окутуучуларыбызга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз…», – деди ал.
Меймандостугу үчүн Карабүк университетинин ректору проф. Фатих Кырышыкка ыраазычылык билдирип, ОшТУнун ректору проф. Ж.Ж.Турсунбаев «Карабүк университети менен болгон бул кызматташтык университетибиздин эл аралык аренадагы баркын бекемдеп, студенттерибизге дүйнөлүк деңгээлдеги билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Биз “Эразмус+” сыяктуу программаларда өнөктөш окуу жай катары эл аралык долбоорлорду ишке ашырууну каалайбыз жана даярбыз… ОшТУнун окумуштуулары Карабүктүн окумуштуулары менен биргелешкен изилдөө иштерин ишке ашырууну максат кылабыз», – деди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Карабүк университети тарабынан уюштурулган Саламаттыкты сактоо илимдери фестивалы (Sağlıkfest) жана Коомдук илимдер фестивалы (Sosyalfest) менен бирге биргелешкен илимий долбоорлор, академиялык кызматташтык, студент алмашуу, биргелешкен конференциялар, чет өлкөдө окуу программалары жана башка көптөгөн кызматташтыктарды камтыган келишимге кол коюлду.
Иш сапардын жүрүшүндө ОшТУнун делегациясы Карабүк университетиндеги профессор Жылдыз Исмаилова жетектеген Ч.Айтматов атындагы түрк дүйнөсүнүн илимий-изилдөө борборунда болушту.
Андан кийин ОшТУнун делегациясын аталган университеттин илимий-лабороториялык базасы, изилдөө иштери, жетишкен ийгиликтери менен тааныштырып чыгышты.
Маалымат үчүн, Карабүк университетинде 50 000 студент окуйт, анын 12 000и чет өлкөлүк студенттер.