Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Ж. Турсунбаев жетектеген делегация Кастамону университетинин борбордук илимий лабороториясында болду.
Эки университеттин ортосунда түзүлгөн эл аралык келишимге ылайык эки университеттин окумуштуулары биргеликте дары чөптөрдүн химиялык компоненттерин, микро жана макро элементтерин, нано бөлүкчөлөрүн, ген деңгээлин эл аралык нормаларга жана стандарттарга ылайык заманбап жабдуулардын жардамы менен анализдөө, изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Бул изилдөөлөр магистранттарга, аспиранттарга, докторанттарга изилдөөлөрдү жүргүзүүдө чоң мүмкүндүк берет жана фармакологиялык жана кайра иштетүү өндүрүшүнө практикалык сунуштарды берүүнү максат кылышты жана бул макулдашуу токтоп калбоосу үчүн жумушчу топ түзүштү.
Бул сапарда Кыргызстандын жайлоолорундагы гүлдүү чөптөрдөн топтолгон тоо балын анализдөө боюнча илимий лабораторияга беришти. Бул анализдин жыйынтыктары кыргыз балчылары жана ушул багыттагы окумуштуулар үчүн маанилүү.