Ош технологиялык университети Түркия Республикасындагы жогорку окуу жайлар менен кызматташуусун жандандырды. Бул багытта ОшТУнун ректору, профессор Ж.Ж.Турсунбаев жетектеген делегация Түркия Республикасындагы Кастамону университетинде болду. Делегацияны Кастамону университетинин ректору, профессор Ахмед Хамди Топал жана аталган университитеттин жетекчилик курамы кабыл алды, ар тараптуу кызматташууну талкуулашты.
ОшТУ менен Түркиядагы Кастамону университети өнөктөш окуу жай катары Эразмус+ програмасынын эл аралык кредиттик мобилдүүлүк долбоорунун алкагында жогорку кесиптик билим берүү, академиялык мобилдүүлүктү экономика, бизнести башкаруу, логистика багыттары боюнча 2027-жылга чейинки аралыкта ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык келишимге кол коюшту.
Мындан сырткары билим берүү, илим чөйрөсүндө кызматташуу максатында эл аралык кызматташуу келишимине кол коюшту.
Маалымат үчүн, Кастамону университетинде 27000 студент окуп, 800гө жакын профессордук-окутуучулук курам эмгектенет.