М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору , професор А.Т.Саттарова 12-июндан 19 –июнга чейин Алматы шаарындагы “Капчыгай” эс алуу борборунда уюштурулган “Комплекстүү окутуу технологиялары – улуттук баалуулуктарды жогорулатуучу турмуштук төл технологиясы” аталыштагы Эл аралык Саммитке катышып келди. Эл аралык Саммитте Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Монголиянын жогорку окуу жайларынын окумуштуулары, мектептин мугалимдери катышып, мында комплекстүү окутуу технологиялары, мамлекеттик тилди комплекстүү талдоо менен бирге үйрөтүү технологиялары боюнча Аль-Фараби атындагы КазМУнун профессорлору казак тилинде катышуучуларга теориялык жана практикалык маалыматтарды берди.
Саттарова Азиза Тешабаевна Эл аралык Саммит абдан кызыктуу жана жемиштүү болуп, катышуучулар тарабынан жылуу пикирлер айтылып, жыйынтыгында 72 сааттык сертификаттарга ээ болушканын билдирди. Мындан сырткары Алматы шаарына саякат уюштурулганын, иш сапар М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин жетекчилигинин колдоосу менен ишке ашырылганын айтты.