ОшТУда кибернетика жана маалыматтар технологиялары факультетинин жана энергетика факультетинин бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Салтанаттын башында университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов, кибернетика жана маалыматтар технологиялары факультетинин деканынын милдетин аткаруучу М.А. Арзыбаева жана энергетика факультетинин деканынын милдетин аткаруучу Н.А. Мурзакуловдун куттуктоо сөздөрү менен башталды. Алар бүтүрүүчүлөргө ийгиликтүү карьера жана жаңы билимге тынымсыз умтулуусун каалап кетишти.
Бүтүрүүчүлөргө окуудагы, илимдеги жана коомдук ишмердиктеги мыкты жетишкендиктери үчүн Ардак грамоталар тапшырылды. Мыкты окуган бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды.
Биринчи курстун студенттери бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, ийгиликтерди каалашты. Ата-энелер да окутуучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, бүтүрүүчүлөрдү куттукташты.
Иш-чара ыр-бийлер менен чакан концерттик программа менен коштолду.