ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин деканынын милдетин аткаруучу, профессор А.К. Атабеков Германиянын Трир, Франкфурт-на-Майне жана Бонн шаарларында университет жана ишканалар ортосундагы кызматташуу тажрыйбаларын үйрөнүү максатында иш сапарында болду.
Иш-чара GIZ эл аралык уюму тарабынан уюштурулуп, мында өнөр жай ишканалары, алдыңкы окуу жайлардын тажрыйбасы тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
Иш сапардын алкагында профессор А.К. Атабеков квалификациясын жогорулатуу менен бирге тажрыйба алмашып келди.