ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын профессору Мырзаибраимов Рахман Мырзаибраимович Андижан машина куруу институнда “Статистикалык анализдин компьютердик программада айкалышы” деген темада мастер-класс өттү.
Семинарда Рахман Мырзаибраимович аталган институттун докторанттарына экономикага тиешелүү болгон статистикалык маалыматтарды чогултуунун, талдоонун жана жайылтуунун ишенимдүү системасын киргизүү маселелери боюнча маалымат берди.