ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучусу Надилбек кызы Бегимай Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжинде өткөрүлгөн эл аралык илимий- практикалык конференцияга катышып келди.
Конференцияда “Бала” концептине мүнөздүү болгон баталар” жана “Улуттук маданияттын өзөгү – сөз, касиети- бата” деген темаларда баяндама жасады.
Жыйынтыгында Надилбек кызы Бегимай “Эң мыкты баяндамачы” деп аталды.
Сыйлык ээсин алган сыйлыгы менен куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз!
Иш-чара Ала-Бука кесиптик колледжинин 25 жылдыгына жана Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген мугалим, ф.и.к., доцент Салийма Рысбаеванын 70 жылдык юбилейине карата уюштурулган.