Ош технологиялык университетинде экология жана айлана чөйронү коргоо кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан 5-июнь – Эл аралык айлана чөйрөнү коргоо күнүнө арналган “Жаратылышты коргоо -жалпыбыздын милдетибиз” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты Ош облусундагы экологиялык көйгөйлөрдү талкуулоо, биргелешип иш алып баруу, тажрыйба алмашуу болуп саналат.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жергиликтүү структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Ош облусундагы жаратылышты коргоо уюмдарынын, мамлекеттик коруктардын, жаратылыш парктарынын кызматкерлери, ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамы катышты.