Ош технологиялык университети Россиянын ЖОЖдору менен кызматташуусун улантууда. Бүгүн Томск мамлекеттик университетинин Борбор Азия өлкөлөрү менен иштөө боюнча ректордун кеңешчиси, доцент Юн Сергей Миронович жетектеген делегация окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде ОшТУга атайын иш сапары менен келишти.
Делегацияны ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев жеке кабыл алып, аларга биздин окуу жай тууралуу маалымат берүү менен бирге ыраазычылык билдирди.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, академиялык мобилдүүлүктү профессордук-окутуучулук курам менен бирге студенттерге дагы күчөтүү, окуу жайлар аралык илимпоздор менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча маселелер талкууланды.
Россиядан келген коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.