Ош технологиялык университетине Өзбекстан мамлекетинин Мухаммед-аль-Хорезми атындагы Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинин Фергана жан Карши филиалдарынын өкүлдөрү түзүлгөн келишимдерге ылайык атайын иш-сапар менен келишти.
Делегация курамын ректор Жанболот Турсунбаев жеке кабыл алып, пикир алышты.
Эл аралык билим берүү мейкиндигинде биргелешип аракет кылуу максатында аталган окуу жайдын окутуучулар курамы табигый-техникалык факультетинин информатика кафедрасында Python, маалыматтар базасы жана web тиркемелер боюнча 144 сааттык курстан өтүп жатышат.