Ош технологиялык университетинин делегациясы иш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Андижан облусуна барып, Андижан машина куруу университинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Кыргыз тараптын делегациясын салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасында Андижан машина куруу институтунун ректору, т.и.д.,профессор Умид Турдалиев “Ош технологиялык университети – дүйнөлук стандартка ылайык жогорку технологиялык билим берүү жараянында Орто Азияда орду бар окуу жай” – деп белгилеп, кош диплом берүү системасын сунуштады.
Алдыда долбоорго кол коюлса, 2+2 форматында окутулуп, 2 мамлекеттин студенттери 4 жылды 2 жогорку окуу жайдын дипломуна ээ болуп, жумуш менен камсыз болуу жана эмгек процессинде суроо-талапка ээ болуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев өз сөзүндө кийинки мезгилдеги кызуу кызматтык алакалар жана чакыруу үчүн өзбек тарапка ыраазычылык билдирип: “Учурда биздин окуу жай тажрыйба алмашуу, практика өтөө, биргелешип билим берүү боюнча 7 мамлекеттен 22 университет менен алакасы бар. Бул билим сапатын жана кесипкөй технолог, инженер, конструктор, архитекторду даярдоого мыкты шарт болду. Геосаясий-экономикалык өңүттөн алганда Андижан машина куруу институту менен кош диплом беруү жараяны абдан натыйжалуу болот.” – деди
Эскерте кетсек, Ош технологиялык университети ушул жылы Корея жана Кытай мамлекеттери менен биргелешип билим берүү тууралуу ири долбоорлорду баштап, ал мамлекеттен стипендия менен окуу тууралуу маалымат тараткан.
Учурда ОшТУда 5 чет тили акысыз окутулуп, жаштар РФ, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Турция, Корея, Испанияга ири өндүрүш компания, заводдорго кара жумушчу эмес, инженер технолог катары бүтүрүүчүлөрүн жөнөтүүдө.
Ал эми Андижан машина куруу институту Испания, Тунис, Турция, Кытайдын окуу жайлары менен алакалашат. Эл аралык “Горизонт” долбоорунун мүчөсү учурда 18 долбоор сунуштаган.