Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультетинин жана гуманитардык-технологиялык колледжинин экономика кафедрасынын бүтүрүүчүлөрү үчүн бүтүрүү аземи өткөрүлдү.
Салтанатка жалпы бүтүрүүчүлөр, окуу жайдын жетекчилиги, факультеттин, кафедранын жамааты жана сырттан келген коноктор катышышты.
Факультетти бир канча жыл мурун бүтүрүп, өз кесиби менен эмгек жолдорун улантып жатышкан бүтүрүүчүлөр чакырылып, алар өз кезегинде өздөрү окуган адистиктин бүгүнкү күндөгү ролу, жашоодо тийгизген пайдасы, өндүрүштө ал кесиптин өнүгүүгө тийгизген таасири жөнүндө маалыматтарды беришти. Ошондой эле, аларга дагы билим берип, белгилүү бир кесиптин ээси болууга түрткү болгон факультеттин жалпы жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.
Университет жетекчилиги, факультет тарабынан бүтүрүүчүлөргө куттуктоолор айтылып, университеттин жана факультеттин коомдук иштерине активдүү катышып, мыкты ийгиликтерди жараткан бүтүрүүчүлөргө Ардак грамоталар менен биргеликте ата-энелерге Ыраазычылык каттар тапшырылды.
Майрамдык салтанат шаңдуу уланып, жагымдуу музыка коштогон ырлар жаңырды.