Ош технологиялык университетинде технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин бүтүрүүчүлөрү үчүн бүтүрүү аземи өткөрүлдү. Университетте төрт жыл бою билим алып, өздөрү тандаган кесиптин ээси болуп, чоң турмушка сапар алган жаштар үчүн технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин жалпы жамааты, университет жетекчилиги салтанаттуу иш-чара уюштуруп, аларды окуу жайдан шаңдуу узатышты.
Салтанатка факультетти бүтүрүп жатышкан жалпы бүтүрүүчүлөр, окуу жайдын жетекчилиги, факультеттин жамааты жана сырттан келген коноктор катышышты.
Университет жетекчилиги тарабынан бүтүрүүчүлөргө куттуктоолор айтылып, университеттин жана факультеттин коомдук иштерине активдүү катышып, мыкты ийгиликтерди жараткан бүтүрүүчүлөргө Ардак грамоталар менен биргеликте ата-энелерге ыраазычылык каттар тапшырылды. Ошондой эле артыкчылык менен аяктаган студенттер сыйланды.
Майрамдык салтанат шаңдуу уланып, жагымдуу музыка коштогон ырлар жаңырды. Ал эми бул иш-чаранын негизги максаты, университетти аяктап чоң турмушка сапар алган бүтүрүүчүлөрдүн коомдо өз ордуларын татыктуу табууга, өз кесибин сүйүүгө, өз элинин жана жеринин чыныгы патриоту болууга чакыруу болуп саналат.