Ош технологиялык университетине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессорлору, доктор Бакыт Боркоев, доктор Ферхан Тумер жана доктор Mustafa Dolaz окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде атайын иш сапары менен келишти.
Келген конокторду ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев жеке кабыл алып, аларга биздин окуу жай тууралуу маалымат берүү менен бирге ыраазычылык билдирди.
Иш сапардын алкагында делегация университеттин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессорлору ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамына “Волластонит керамикасынын түзүлүшү, касиеттери жана өндүрүшү”, “Жангак кабыктарынын адсорбциялык касиеттери” жана “Фармацевтикалык изилдөөлөрдөгү гибриддик молекулалык мамиле” деген темаларда семинар өтүштү.