Бишкек шаарында Корея Республикасынын билим берүү борбору тарабынан республикалык корей тили боюнча сабактарды өткөрүү – 2024 сынагы өткөрүлдү.
Аталган сынакка Ош технологиялык университетинин корей борборунун корей тил окутуучусу Орозбекова Нураида катышып, 2-орунду ээледи.
Эскерте кетсек, Орозбекова Нураида 2013-жылдан баштап Ош технологиялык университетинде корей тил мугалими катары эмгектенип келет.
Сыйлык ээсин алган сыйлыгы менен куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз!