️Андижан машина куруу институту менен Ош технологиялык университети (Кыргызстан) жана Өзбекстан улуттук метрология институтунун Андижан филиалы, Алматы технологиялык университети (Казакстан) – “Метрологиянын азыркы көйгөйлөрү жана аларды учурдагы өнөр жай өндүрүштүк тармактардын жана илимий өнүгүүнүн ааламдашуу шарттарында чечүүнүнүн жолдору” аттуу эл аралык конференциясын биргеликте уюштурушту.
️Аталган иш-чарага ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев жетектеген жоон топ делегация, курамында: окуу иштери боюнча проректор У.Ж.Мамытов, факультеттердин жетекчилери – Н.Мурзакулов, А.Атабеков, М.Арзыбаева, бөлүм башчылар – Н.Кадырбек кызы, Ш.Маразаков жана университеттин илимпоз окутуучулары жана кызматкерлери – Э.Каримов, А.Маматкасымова, Г.Тойчубекова, А.Таштемирова, В.Маралова, Б.Мырзакулова, У.Баатырова, Ф.Жыргалбай кызы, М. Абдыкадырова, Ш.Ибраимова, Ө.Жанибек кызы, А.Акмырзаева, Г.Артыкбаева, А.Өмүрбек кызы, Г.Садыбакасова, М.Билал кызы, А.Алиева, Асылай Акматалиевалар катышууда. Конференциянын жүрүшүндө кызыктуу илимий баяндамалар жасалууда.
️Конференциянын алкагында университеттин жетекчилиги – “Маалымат системалары жана технологиялары”, “Электроэнергетика жана электротехника”, “Мехатроника жана робототехника”, “Транспорттук процесстеринин технологиясы”, “Экономика” багыттары боюнча биргелешкен диплом берүү боюнча макулдашты жана жакынкы күндөрү келишимге кол коюуга да ниеттерин билдиришти.
️Ушул иш-чарада окуу иштери боюнча проректор У.Мамытов, факультеттин жетекчилери – Н.Мурзакулов, А.Атабеков, М.Арзиматова, Андижан машина куруу институтунун окуу иштери боюнча проректору С.Р.Алиев жана тиешелүү факультеттердин жетекчилиги менен биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча жумушчу жыйындарды өткөрүштү.
️Университеттин делегациясы аталган институттун материалдык-техникалык базасы жана окуу процесси менен да кеңири таанышып чыгышты.