Ош технологиялык университетинде көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн, тажрыйбасын окуу жайга арнап келе жаткан кызматкерлер Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунда өткөн 63 – Эл аралык гүлдөр фестивалына катышып келишти.
Фестивалдын расмий ачылуу аземине 40дан ашуун өлкөлөрдөн келген гүл сүйүүчүлөр катышты. Мында 200дөн ашуун гүл менен кооздолгон автоунаалар парады өтүп, Наманган шаары, “Захириддин Мухаммад Бабур” жана “Афсона” бактарына 45 млн түп гүл көчөттөрүнүн түрлөрү эгилип, кооздолгон. Салтанат концерт программа, оюн-зоок жана жарманкелер менен коштолду.
Фестивалга ОшТУнун 52 кызматкери жөнөтүлүп, ОшТУнун профсоюз комитети тарабынан толугу менен каржыланды.