Ош технологиялык университетинде студенттерге наркотикалык заттар, анын ичинен синтетикалык наркотикалык заттарды колдонбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жолугушууда тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Р. Ж. Ыдырысов студенттерге наркотикалык заттар жөнүндө жана алардын зыяны тууралуу кенен маалыматтарды берип, наркотикалык заттардан алыс болуп жүрүүнү эскертти.
Бул иш-чаранын негизги максаты баңги заттарды колдонгон адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, наркотикалык заттардын тарап кетүүсүнүн алдын алуу, жаш муундардын баскан-турганына өзгөчө көӊүл буруу жана жаштарга туура жол көрсөтүү болуп эсептелет.