ОшТУда айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнү технологиясы кафедрасы тарабынан “Кондитерлер күнүнө” арналган “Заманбап кондитер азыктарын даярдоо” аттуу мастер-класс өткөрүлдү. Иш-чарага университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана магистранттар катышты.
Аталган мастер-классты ТПиСХП(М)-23 тайпасынын магистр студенттери өтүштү. Алар азыркы убакта аябай популярдуу, баардык адамдар сүйүп жеген азык: 3 шоколаддуу десерт жана меренга рулетин жасап, анын бышыруу технологиясы, сырлары, рецепттери менен бөлүшүштү.
Кафедранын студенттери окуу программасында “Нан, макарон жана кондитер азыктарынын технологиясы” дисциплинасын ар түрдүү формада колледж, бакалавр жана магистратурада тереңдетип окушат. Бул мастер-класс ушул тармакка кызыккан бардык болочок бизнес ачам деген жарандарга жана студенттерге аябай пайдалуу.
Кафедранын магистрлери, студенттери мындан ары диеталык-профилактикалык багыттагы жаңы тамак-аш рецепттерин дагы иштеп чыгышат.