Ош технологиялык университетинде окууда мыкты жетишкедиктерди багындыруу менен бирге университеттик жана шаардык деңгээлдеги коомдук – маданий, интеллектуалдык иш-чараларга жигердүү катышып, мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзүүдө жана жаштардын интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келген студенттердин окуган мектептерине ОшТУнун ректору Ж.Ж. Турсунбаев “Ыраазычылык катын” жолдоду.
Иш-чара Жаштар комитетинин демилгеси менен уюштурулуп, 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окууда, спортто жана коомдук иштерде мыктылыгын көрсөткөн алдыңкы студенттерге тапшырылды.
Тапшыруу аземине ректор Турсунбаев Жанболот Жанышович катышып, студенттерди бул ийгиликтери менен куттуктады.
Ошондой эле ОшТУда эмгектенип жаткан кызматкерлерге 10 жылдык жана 20 жылдык мааракелерин утурлай өздөрү билим алган мектептерине ыраазычылык каттар тапшырылды.
Бул жөрөлгө жыл сайын окуу жылынын аягында салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет. Бул иш-чаранын негизги максаты, биздин университетте билим алып жатышкан студенттерге өз кесибинин мыкты адиси болууга үндөө, кыргыз элинин патриоту болуп, келечекте коомдо өз ордун татыктуу табууга чакыруу болуу эсептелет.