Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата КРнын Инженердик академиянын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор Сейитов Болотбек Мукаевичтин 70 жылдыгына арналган “Управление цифровыми технологиями в поддержку устойчивого развития инновационной экономики” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Аталган иш-чараны ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев ачып берип, конференциянын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.
Эл аралык илимий-практикалык конференцияга Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Автономдуу коммерциялык эмес уюму Илимий коммуникациялар институтунун президенти, Туруктуу өнүгүү жана технологиялык лидерлик консорциумунун төрайымы Попкова Елена, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана проректорлору, белгилүү илимпоз окумуштуулар катышты.
Конференцияга Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын окумуштуулары өздөрүнүн илимий изилдөөлөрү менен катышып, анда пленардык баяндамалар уктурулду.
Андан соң иш-чара секциялык иштер менен уланып, баяндамалар жасалды.
Соңунда секциялык иштердин жыйынтыгы чыгып, конференциянын резолюциясы кабыл алынды.