Урматтуу бүгүнкү эл аралык илимий-практикалык конференциянын катышуучулары сиздерди Ош технологиялык университетинде өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата КРнын Инженердик академиянын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор Сейитов Болотбек Мукаевичтин 70 жылдыгына арналган “Управление цифровыми технологиями в поддержку устойчивого развития инновационной экономики” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга кош келипсиздер демекчимин.
Ар бир элдин тарыхы, тили жана маданияты анын келечеги үчүн маанилүү жана ал аркылуу мамлекеттин келечеги аныкталат эмеспи. Кыргыз эли да өз кезегинде улуу тарыхын жаратып, урпактарга калтырган. Тарыхта эл негизги ролду ойнойт, ошонун ичинде эл ичинен чыккан улуу инсандар тарыхтын жүрүшүндө өз салымын кошушат. Ата Журт тарыхында, улуттук мамлекеттүүлүк идеясынын калыптанышында жана өсүп-өнүгүшүндө калк ичинен суурулуп чыккан улуу инсандардын эмгеги, калтырган издери айтып бүткүс тарых.
Мамлекетибизди Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов баштаган интеллигенция өкүлдөрү түптөшкөн.
Мына ошолордун катарында Кыргыз илиминин өнүгүшүндө Кыргыз Республикасынын Инженердик академиянын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор Сейитов Болотбек Мукаевичтин өзгөчө орду бар. Агай өзүнүн илим изилдөө жолунда карьералык өсүүсү менен бирге Фрунзедеги политехникалык институтунун Оштогу филиалында жөнөкөй окутуучудан баштап, ОшТУнун проректору, Жалалабад мамлекеттик техникалык институтунун ректору кызматына чейин жеткен.
Болот Мукаевичтин жетекчилиги менен бир канча илимдин кандидаты даярдалганын эске алсак, анда анын жалпы эле өзүнүн турмуштагы алдына койгон максаттарын, элге, мекенибизге ак кызмат кылганын, талыкпай эмгектенип келгенин билебиз.
Белгилеп айтуучу нерсе, Болот Мукаевич Сеитов өмүрүнүн дээрлик 30 жылын Ош технологиялык университетинин өнүгүүсүнө өлкөбүздүн билим берүү, илим жана башка тармактардын өркүндөөсүнө болгон күчүн, энергиясын, эмгегин арнаган. Айрыкча Түштүк жергесиндеги техникалык адистерди даярдоо максатындагы “Курулуш өндүрүшү” кафедрасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоодо, илимий-педагогикалык кадрлар менен камсыздоо жаатындагы эмгеги эбегейсиз чоң.
Агайдын бүгүнкү күндө мамлекетибиздин эл чарбасынын түрдүү тармактарында көптөгөн окуучулары ар түрдүү кызматтарда үзүрлүү эмгектенип келе жатышат.
Мына эми убакыт өтүп агайыбыздын 70 жылдык мааракесин белгилөөчү убакыт да келип калды. Болотбек Мукаевичтин дүйнөлүк илимге кошкон салымы эбегейсиз чоң. Биздин Агайдын образы азыркы илимий чоң сапарга аттанган жаштарга үлгү болот деген ишеничтемин. Болотбек Мукаевичтин жаркын элеси ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүкө сакталат.
Бүгүнкү эл аралык илимий-практикалык конференциянын катышуучуларына ийгилик каалаймын!