Ош технологиялык университетинин «Жаштык» телестудиясы Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын арасында эң алгач түзүлүп, эфирге чыга баштаган телестудия. Ал 1996-жылы окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен түзүлүп, Ош облустук юстиция башкармалыгы тарабынан массалык маалымат каражаты катары күбөлүк алган. Телестудия быйылкы 2024-жылы 28 жашка толду.
“Жаштык” телестудиясы жалпы студенттердин жана жаштардын эстетикалык табитин жогорулатуу, кругозорун өстүрүү, алардын билим деңгээлин жана окуу жайда болуп жаткан иш чараларды, ар жумалык жаңылыктарды коомчулукка ачык-айкын чагылдыруу максатында уюшулган. Университеттин ийгилик-жетишкендиктерин, студенттердин социалдык турмушун, көйгөйлүү маселелерин жана окуу жайда болгон ар жумалык жаңылыктарды эфирде көрсөтүп, студенттердин маданий эс алуусуна көмөктөшкөн ар түрдүү кызыктуу телеберүүлөрдү даярдайт. Алдыңкы, мыкты окутуучулардын лекцияларын, практикалык, лабораториялык сабактарын эфирге даярдоо менен аларды студенттердин пайдалануусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Окуу жайда журналистикада, телевидениеде, жалпы эле массалык маалымат каражаттарында иш алып барууга кызыкдар студенттердин көпчүлүгү телестудия менен бирге иш алып барышат. Телестудияда кызыгуучулар үчүн монтажердук, оператордук жана диктордук үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Студенттер өздөрү кызыккан ар түрдүү, пайдалуу жана кызыктуу көрсөтүүлөрдү, роликтерди даярдашат.
“Жаштык” телестудиясы ОшТВ, ЭлТР, 7-канал, Ынтымак ТВ, УТРК, ОшПирим, Пирамида ТВ телеканалдары, Ош шамы, Ош жаңырыгы, Эркин тоо, Кут билим басылмалары, Bilim.akipress.kg, Kabar.kg, Aimaknews.kloop.kg, Barakelde.kg интернет сайттары менен тыгыз байланышта иш жүргүзөт.
Бүгүнкү күндө «Жаштык» телестудиясынын телеберүүлөрү “ЭлТР”, “Ынтымак ТВ” жана “ОшТВ” телеканалдарынан ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү эфирге чыгып келе жатат.
“Студ times” гезити, “Универ KG” журналы
“Студ times” гезити 2003-жылдын 24-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинен массалык маалымат каражаты катары каттоодон өткөн. 2003-жылы гезитти “Кыргыз жана орус тилдери” кафедрасынын ага окутуучусу Айнагүл Аматова жетектеген. 2003–2004-жылдары Куштарбек Кимсанов, 2004–2005-жылдары Нургазы Ташиев, 2005-2008-жылдары Атакул Жалиловдор жетектеп, ал эми 2009-жылдан баштап гезиттин башкы редактору катары Эркинбай Бакиров эмгектенүүдө.
Алгач гезит Ош облустук басмаканасынан ак-кара түстө 4 бет болуп, 1000 даанада жарык көрсө, азыркы күндө Бишкектеги көз карадандысыз “ММКны колдоо борборунун” басмаканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде 1500 даанадан 5000 даанага чейин түстүү, 8 бетте чыгарылууда. Ошондуктан, “Студ times” гезити түштүк Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын эң популярдуу жана мазмундуу гезити болуп саналат.
Бүгүнкү күндө «Студ times» гезитине ОшТУнун жаңылыктары, дүйнөлүк жана өлкө жаңылыктары, студенттердин, мугалимдердин илимий иштери, чыгармалары, макалалары, ырлары, ар тараптуу назик ойлору, купуя сезимдери, көйгөйлүү маселелери жана окуу жайдын илимий чөйрөсүндө болуп жаткан окуялар, ийгилик-жетишкендиктер, стратегиялык пландар жана кемчиликтер кеңири жарыяланат.
“Жаштык” телестудиясынын кызматкерлери:
Эргешова Асылзат Бакытбековна – «Жаштык» телестудиясынын директору
Байланыш телефону.:+996550300123
WhatsApp: +996556655056
Telegram: +996557027520
Email – почтасы: asylzatergeshova97@mail.ru
Маамматрасул кызы Айша – Редактор
Байланыш телефону.: +996709738947
WhatsApp: +996709738947
Telegram: +996709738947
Email – почтасы: aishaapyzova448gmail.com
Бакиров Эркинбай Ниматиллаевич—монтажер
Байланыш телефону.: +996771870900
WhatsApp: +996771870900
Telegram: +996771870900
Email – почтасы: oshtvtrk@gmail.com
Биймамат уулу Шахнахар — оператор
Байланыш телефону.: +996773386236
WhatsApp: +996773386236
Telegram: +996773386236
Email – почтасы: shahnazarbiimamat@gmail.com
Эмилбек уулу Муктарбек -оператор
Байланыш телефону: +996505021304
WhatsApp: +996505021304
Telegram: +996505021304
Email – почтасы :muktarbekemilbekuulu9@gmail.com