М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин (мындан ары Университет) Укуктук иштер бөлүмү (мындан ары – Бөлүм) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген ыйгарым укуктардын чегинде укуктук маселелер боюнча өз ишин университеттин башка бөлүмдөрү менен өз ара байланышта жүргүзүүчү Университеттин түзүмдүк бөлүмү түрүндө уюштурулат.
Бөлүм түздөн-түз Университеттин ректоруна баш ийет.
Университеттин кайра уюштурулган же жоюлган учурлардан тышкары Бөлүмдү жоюуга жол берилбейт.
Бөлүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген адистиги боюнча жогорку юридикалык билими жана иш стажы бар кызматкерлерден түзүлөт.
Бөлүм Университеттин ишмердүүлүгүн укуктук жактан коштоо максатында түзүлгөн.
Бөлүмдүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- Университеттин жана анын кызмат адамдарынын ишиндеги мыйзамдуулукту сактоону камсыз кылуу;
- Университеттин мүлктүк жана башка мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын укуктук каражаттар менен коргоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын үгүттөө, Университетте укуктук окутууну уюштуруу;
- Университеттин компетенциясына ылайык ченемдик укуктук актылардын, буйруктардын, келишимдердин жана юридикалык мүнөздөгү башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга түздөн-түз катышуу;
- Университет тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук жана башка актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге шайкештигин кароо;
- Университет тарабынан мыйзамдарды колдонуунун практикасын жалпылоо.
Бөлүмдүн Университеттин башка түзүмдүк бөлүмдөрү же кызматкерлери менен өз ара байланышы документтерди атайын колдон колго берип алмашуу же электрондук почта аркылуу жүргүзүлөт. Эгерде тапшырма документтерди макулдашуу, редактирлөө боюнча болсо, ал документтер алгачкы түрүндө (тапшырманын түшүндүрмөсү менен) милдеттүү иретте Бөлүмгө электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.
Бөлүмдүн жетекчиси –
укуктук иштер бөлүмүнүн башчысы: Камалов Чынгыз Өскөнович
тел: +996998109860
E-mail: chynghyz@gmail.com
Бөлүмдүн кызматкери –
юрист: Абдипаттаев Тимурлан Маматибраимович
Тел: +996555639282
E-mail: mr.abdipattaev@mail.ru