Ош технологиялык университетинде мамлекеттик тил кафедрасынын жамааты тарабынан «Жогорку окуу жайларында кыргыз тили предметин окутууда жаңы инновациялык, интерактивдүү технологияларды пайдалануу» аттуу кереге кеңеш өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин жана Ош технологиялык университетинин окутуучулары катышты.
Кереге кеңеште жогорку окуу жайларда кыргыз тили предметин окутуунун эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн жаңы инновациялык, интерактивдүү технологияларды пайдалануу, учурдун талабына ылайык кесиптик кыргыз тили предметин кийрүү жана ага тиешелүү маселелер каралды.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар баяндама жасашты.
Баяндамачылар:
- “Тилди деңгээлдеп окутуу: сүйлөө жана баарлашуу ишмердүүлүктөрүн өнүктүрүү” ОшМУнун окутуучусу Бермет Закирова
- “Тилди деңгээлдеп окутуу: жазуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүү” ОшМУнун доценти Назира Караева
- “Тилди деңгээлдеп окутуу: угуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүү” ОшМУнун улук окутуучусу Айгүл Осмонова
- “Тилди деңгээлдеп окутуу: жазуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдө санарип технологиясын колдонуу” ОшМУнун окутуучусу Тунук Аширова
- “Мамлекеттик тилди Google тиркемелеринин негизинде окутуунун натыйжалуулугу” Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин кыргыз филологиясы кафедрасынын окутуучусу Исмаилова Самара Жумабековна
- “Кесиптик багытта кыргыз тилин окутуунун жаңы технологиялары” ОшТУнун окутуучусу Жумабаева Гүлдана Садырбековна