Өзбекстан мамлекетинин Мухаммед-аль-Хорезми атындагы Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинин Фергана филиалынын профессордук-окутуучулук курамы окуу жайлар ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык Ош технологиялык университетине атайын иш сапар менен келишти.
Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинин Фергана филиалынын директору Мухтаров Фаррух Мухаммадович баштаган топ биздин университеттин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, алдыдагы кызматташуунун стратегияларын биргеликте иштеп чыгуу, профессордук – окутуучулар курамы арасында тажрыйба алмашууларды колго алуу, академиялык мобилдүүлүктөрдү ишке ашыруу жана илим-билим жаатындагы байланыштарды өнүктүрүү туурасында маселелер талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаевге, окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытовго, маалыматтар технологиялары жана башкаруу кафедрасынын башчысы А.Ж.Сатыбаевге “Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинин Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.
Иш сапардын алкагында келген коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.