Ош технологиялык университетинин окутуучулары (э.и.д., проф. Атабеков А.К., ф.и.д. проф. Кедейбаева Ж.А., т.и.к., доц. Ташиев Н.М., э.и.к., доц. Хамзаева А.М., Зикираев М.Т., Алишева П.К., Самиева К.Т., Маметова Г.А., ага окут. Касымова С.М., окут. Пазылова А.) 2024-жылдын 6-7-майында Өзбекстандын Самарканд шаарындагы Ташкент мамлекеттик экономикалык университетинин Самарканд филиалында өткөн Борбор Азиядагы туруктуу аймактык өнүгүү боюнча II эл аралык конференцияга катышып келишти.
Конференция Эл аралык аймактык илимий ассоциациясынын (RSAI) демилгеси менен өткөрүлүп, Улуу Британия, Испания, Бразилия, Португалия, Индия ж.б. өлкөлөрдөн келген региондордо туруктуу өнүгүү максаттары жаатындагы эксперттер, Борбор Азия (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Туркменистан жана Өзбекстан) мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү тарабынан илимий баяндамалар жасалды, э.и.д., проф. Атабеков А.К пленардык отурумда баяндама жасады. Баяндамалардын негизинде берилген эксперттердин сунуштамаларын эске алуу менен түзөтүлүп кайра жөнөтүлгөн макалалар Аймактык илимий саясат жана тажрыйба илимий журналына (SCOPUS) жарыяланышы күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, Борбор Азиядагы туруктуу аймактык өнүгүү боюнча III эл аралык конференцияны 2025-жылы ОшТУда өткөрүү пландалууда.