Ош технологиялык университетинин 1994-жылы окууну ийгиликтүү аяктаган 30 жылдык бүтүрүүчүлөрү университетте болушту. Курулуш адистигин аяктаган бүтүрүүчүлөр билим уясында жолугуп, билим берген агай-эжекелерин, группалаштарын, студенттик күндөрүн эске салышты.
Окуу жайдын ректору Жанболот Турсунбаев бүтүрүүчүлөрдү жылуу тосуп алып, Ош технологиялык университети үчүн ар бир бүтүрүүчү маанилүү экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун алкагында жаңыланган университет боюнча экскурсия, профессор-окутуучулар курамы менен жолугушуулар уюштурулду.
Бүтүрүүчүлөр окуу жайга жана окутуучуларга өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Ош технологиялык университети бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат, бүтүрүүчүлөр менен байланыштар үзүлбөй, дайыма алар үчүн эшигин ачык коет.
Бүгүнкү күндө Ош технологиялык университетинин бүтүрүүчүлөрү өз кесиби боюнча алыскы жана жакынкы коңшулаш мамлекеттерде үзүрлүү эмгектенип жатышат. Ошондой эле бардык бүтүрүүчүлөр коомдо өз ордун таап, өлкөбүздүн өсүп-өнүүсү үчүн салымын кошуп келишет.
#ОШТУ
#БҮТҮРҮҮЧҮ
#АДЫШЕВ