Ош технологиялык университетинин Студенттер үйүнүн жашоочулары тарабынан “Кош жылдыз” сынагы уюштурулуп, бул сынакка жатаканада жашаган студенттер катышышты. Мында ар бир бөлүктө жашаган студенттерден бирден түгөй катышып, конкурстун шартына ылайык тапшырмаларды аткарышты. Сынакта саламдашуу, өз өнөрлөрүн тартуулоо, сүйүү арноо (видеоролик) жана кечки образ менен чыгуу шарттары коюлган.
Ар бир түгөй сахнада ырдап, бийлеп, бири-бирине сүйүү арнашып көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Бул иш-чаранын максаты адамдар арасындагы достукту, ынтымакты чыңдоо, студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу жана таланттуу жаштарды колдоп, алардын эл алдына чыгууларына көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.
Сынактын жыйынтыгында, биринчи орунду Жакыпбеков Нурэлес менен Калдарбаева Индира, экинчи орунду Асилбек уулу Санжарбек менен Калмурзаева Айчүрөк, ал эми үчүнчү орунду Абитов Баел менен Маккамбаева Мадина камсыз кылышып, окуу жайдын жана студенттер үйүнүн жетекчилиги тарабынан дипломдор менен бирге акчалай сыйлыктарга ээ болушту.