Ош технологиялык университетинде ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Кесипке багыт берүүнү максат кылган иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрү, орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү, ата-энелери катышты.
Саамалыкты университеттин ректору Жанболот Турсунбаев ачып берип, окуучуларды туура кесип тандоого үндөп, алдыда тапшырылуучу ЖРТны мыкты тапшыруусу үчүн ийгиликтерди каалап өттү.
Иш-чарада концерттик программа, факультеттердин көргөзмөлөрү, презентациялары көрсөтүлдү. Ошондой эле алдыңкы студенттер жана сыймыктуу бүтүрүүчүлөр өз тажрыйбалары менен бөлүштү.
Келген коноктор университеттеги билим берүү үчүн түзүлгөн шарттар, окуу жайдын инфраструктурасы жана адистиктер менен таанышып чыгышты.
ОшТУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мусабек Дуванакулов университет тууралуу кыскача маалымат берип, жаштарды татыктуу билим алууга үндөдү. Мектеп бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн кызыктырган суроолорун кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнө жана университеттин активдүү студенттерине узатышып, окуу жай жөнүндө кенен маалымат ала алышты. Жалпысынан ачык эшиктер күнүнө Кыргызстандын түштүк регионундагы мектептерден 2 миңге чукул бүтүрүүчү келди.