Ош технологиялык университетинин илим жана инновация боюнча проректору, профессор Н.Т. Танаков жетектеген делегация Ташкент прикладдык илимдер университетинде өткөрүлгөн “Practical problems and solutions” – аттуу эл аралык илимий конференцияга жана дүйнөлүк прикладдык илимдер университеттеринин ректорлорунун 1-форумуна катышты.
Форумдун алкагында профессор Н.Т.Танаков ОшТУнун эл аралык билим берүү жана илим мейкиндеги чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар жана мекемелер менен кызматташтыктары тууралуу кеңири маалыматты алып чыкты жана Өзбекстандын мамлекеттик телеканалына интервью берди. Бардык университеттерди ОшТУ менен кызматташууга чакырды.
Форумдун жүрүшүндө Германиядагы Anhalt University of Applied of Sciences университети, Латвиядагы RISEBA University of Applied Sciences университети, Өбекстан Республикасындагы Ташкент прикладдык илимдер университети, Ташкент транспорт университети менен эки тараптуу эл аралык кызматташуу меморандумдарына кол коюшту. Анда окуу процесси, илимий иштер, эл аралык долбоорлордо биргеликте кызматташуу туурасында макулдашышты.
Андан сырткары форумдун жүрүшүндө Ташкент мамлекеттик техникалык университети, Khoja Akhmet Yassawi International Kazakh-Turkish University университети, Навои тоо-кен университети менен энергетика, экономика багыттарында биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча макулдашты.
Түркиядагы Karabuk University университети, Индиядагы O.P. Jindal Global University университети менен окуу процесси жана илимий иштер боюнча кызматташуу багыттарын талкуулады жана жакын арада кызматташуу келишимине кол коюу туурасында ниеттерин билдиришти.
Маалымат үчүн, Ташкент прикладдык илимдер университети Өзбекстандагы алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири, анда 27 миң студент окуйт, 700дөн ашуун профессордук-окутуучулар курамы эмгектенет.
*
ОшТУ продолжает расширять сотрудничество с Ташкентским университетом прикладных наук
Делегация Ошского технологического университета во главе с проректором по науке и инновациям, профессором Н.Т. Танаковым, приняла участие в проведении Ташкентским университетом прикладных наук международной научной конференции “Practical problems and solutions “ и в l форуме ректоров мировых прикладных наук.
В рамках форума профессор Н.Т. Танаков показал презентацию о сотрудничестве ОшТУ в сфере образования, в международной сфере с другими иностранными вузами и организациями. Дал интервью государственному телеканалу. Он пригласил все вузы к сотрудничеству с ОшТУ.
В ходе форума были подписаны меморандумы с Германским университетом Anhalt University of Sciences, c RISEBA University of Applied Sciences Латвии, с Ташкентским университетом прикладных наук, Ташкентским транспортным университетом о двустороннем международном сотрудничестве, в сфере науки, образования, международных проектов и были достигнуты взаимные совместные договоренности.
Также в ходе форума согласованы договоры о реализации совместных образовательных программ ОшТУ с Ташкентским государственным техническим университетом им.И.Каримова, высшим учебным заведением Khoja Akhmet Yassavi International Khazakh-Turkish University, с Навоийским государственным горно-технологическим университетом по программе энергетики, экономики.
Между некоторыми высшими учебными заведениями обсуждены программы сотрудничества и в ближайшее время намереваются подписать двусторонние договоренности в частности с Турецким университетом Karabuk, O.P. Jindai Global University Индии по образованию и науке.
Для информации, Ташкентский университет прикладных наук в Узбекистане является одним из передовых вузов, где обучаются 27 тыс. студентов, а профессорско-преподавательский состав насчитывает более 700 человек.