Ош технологиялык университетинде Бириккен Улуттар уюмунун СОР-28 климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясына ылайык тоолуу аймактардын декарбонизациясынын жана климаттын өзгөрүшүнүн митигациясынын перспективаларына арналган арналган «Илим. Технологиялар. Инновациялар» аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.
Аталган конференцияны ОшТУнун ректору Ж.Ж. Турсунбаев ачып берип, катышуучуларга ийгилик каалады.
Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын жогорку окуу жайларынын алдыңкы жаш илимпоздору, аспиранттары, магистранттары, студенттери жана алардын илимий жетекчилери катышышты.
Конференция жаш илимпоздордун жана студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттыруу, илимий–изилдөө иштеринин жыйынтыктарын жарыкка чыгаруу жана илим менен өндүрүштүн байланышын күчөтүү максатында ОшТУнун илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.
Конференцияда учурдагы актуалдуу илимий-практикалык проблемаларга арналып илимдин 7 багыты боюнча 44 секцияда 400дөн ашуун баяндамалар талкууланды.
Конференция офлайн жана онлайн форматында өткөрүлүп, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Мыкты деп табылган илимий макалалардын баяндамачыларына уюштуруу тобу тарабынан дипломдор тапшырылды.