Ош технологиялык университетинде 24-апрелден 30-апрелге чейин дүйнѳлүк тилдер кафедрасы тарабынан «Дүйнѳлүк тилдер жумалыгы» иш-чарасы кафедранын окуу-усулдук жана тарбиялык иштердин негизинде окутуучулар жана студенттердин катышуусунда ѳткөрүлдү. Иш-чаранын максаты студенттерди окутууда тил кѳндүмдѳрүн жогорулатуу, тил баалуулугун таанып билүү жана окутуунун эффективдүү ыкмаларын жогорулатуу, практикада сапаттуу колдонуу болуп саналат. Иш-чара тѳмѳнкү багыттар боюнча ѳтүлдү.
1.Окуу-усулдук семинар кафедранын окутуучуларынын катышуусунда ѳтүлдү. Семинарда англис, орус, корей жана кытай окутуучулары ѳз тажрыйбалары менен бѳлүшүп, сабак ѳтүүдѳ колдонгон ыкмалары менен бѳлүшүштү.
- Ачык эшик сабактары;
Ачык эшик сабактары күнү К.Т.Тургунбаева, Н.З.Хабибуллаева интерактивдүү ыкмаларды жана техникалык каражаттарды колдонуу менен сабак өтүп беришти.
- Аймактык студенттердин конференциясы;
Бул конференцияда студенттер чет тилин үйрөнүүдөгү тил билиминин өзгөчөлүктөрү, маселелери, көйгөйлөрү тууралуу өздөрүнүн макалаларында чагылдырып бере алышты.
- Волонтер менен жолугушуу.
Дуйнолук тилдер кафедрасында волонтер болуп иштеп жаткан К. Бентц окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп, “Чет тилин үйрөнүүдө окутуунун эффективдүү ыкмалары” жана эркин темада “American Culture” деген темада тажрыйба бөлүшүп, тил үйрөнүүдө бир канча багыттарга көңүл буруунун жолдорун көрсөттү. Окутуучулар жана студенттер суроо-жооп талкуусуна активдүү катышышып, К.Бентцке ыраазычылыктарын билдиришти.