Ош технологиялык университетинде бүтүрүүчүлөрдү ишке жайгаштыруу, аларга бош орундарды таап берүү боюнча туруктуу иштер жүрүүдө.
Бул багыттагы иштерди алдыга жылдыруу, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максактында, бүгүн Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Ж.Турсунбаевдин кабыл алуусунда Кыргыз Республикасындагы Түштүк Кореянын EPS борборунун директору Ким Ынжи айым, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Б.Э.Кудайбердиев жана Түштүк региону боюнча бөлүм башчысы С.А.Токтосунов болуп, кызматташуу туурасында кеңири баарлашты, университеттин бүтүрүүчүлөрүн Түштүк Кореяда ишке жайгаштыруу туурасында пикир алышты.
Корея Республикасында орто жана чакан ишканаларда иштөө үчүн EPS (Ишке орношууга уруксат берүү системасы) системасы 2004-жылдын 17-августунда киргизилген. Кыргызстанда 2008-жылдан бери EPS программасынын алкагында жумушчуларды иш менен камсыздоо боюнча иштер алып барылууда.