Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чара математика жана статистика кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага гуманитардык-технологиялык колледжинин профессордук-окутуучулук курамы, Ош шаардык жана Ош облустук статистика башкармалыктарынын өкүлдөрү, студенттер жана ата-энелер катышты.
Иш-чараны гуманитардык-технологиялык колледжинин директору Төлөнбай Саадалов ачып берип, статистика тармагында эмгектенип жаткан кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты Хамзаева Айнура Мураталиевна жана ОшТУнун профессору Мырзаибраимов Рахман Мурзаибраимович статистика боюнча мазмундуу баяндама жасашты.
Ошондой эле окуу жайдын таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа коштолуп, майрамдык маанай тартууланды.