Ош технологиялык университетинде 23-апрель – бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата окуу жайдын китепканасынын жалпы жамааты тарабынан китеп көргөзмөсү уюштурулду. Мында адамдарга керектүү болгон ар кайсы багыттагы китептер коюлду. Дүйнөгө белгилүү болгон, анын ичинде кыргыз элинин чыгаан акын-жазуучуларынын чыгармалары басылган жыйнактар дагы окурмандарга тартууланды. Ошондой эле, илим, билим багытындагы дагы китептер, заманбап дүйнөлүк жазуучулардын акыркы чыгармалары дагы бар.
ОшТУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Зулпуев жалпы жамааттын атынан бүткүл окурмандарды китеп окууга чакырып, китептин адам баласынын өзүн-өзү өнүктүрүүдө ролу чоң экендигин белгилеп, китепканачыларга ректордун атынан Ардак грамота тапшырды.
Аталган иш-чарага кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Багдагүл Тиленбаева катышып, китепканачылар жамаатына кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамотасын жана баалуу сыйлыктарын тапшырды.