Ош технологиялык университетинде студенттерге коопсуз миграция тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Ош шаарынын миграциялык ресурстук борборунун адистери келип, миграциялык ресурстук борборунун ишмердүүлүгү жана студенттердин коопсуз миграция боюнча борбордон консультация алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жаткан миграция маселеси, көйгөйлөрү аларды чечүүнүн жолдору талкууга алынды. Катышуучулардын ортосунда да кеңири маалымат алмашуулар болуп, сунуштар, ой-пикирлер айтылды.