Кечээ Ош технологиялык университетинде заманбап жашоодо соц. тармакты позитивдүү, пайдалуу колдонуу боюнча талкуу өттү.
Жолугушууга филология илимдеринин кандидаты, белгилүү теле журналист, мотиватор – Нуркыз Кадырбек кызы, таанымал актриса, блогер, ОшТУнун бүтүрүүчүсү Динара Багышбаева чакырылып, жандуу талкуу форматында өттү.
Актриса Динара Багышбаева ОшТУнун бүтүрүүчүсү болгонуна дайыма сыймыктанарын белгилеп, окуу жайдын изденген студенттери менен биргелешкен видео блог алып барууга чакырды. Демилге жаштар тарабынан кызуу колдоо тапты.
Нуркыз Кадырбек кызы: Мен мамлекеттик кызматта жүргөн адам катары бир нерсеге ынанам – биздин мамлекетибиздин экономикалык ийгилиги жогорку билимдүү технолог, инженер, экономист, конструктор, энергетиктерге байлыныштуу. Андай адистер дал ушул Ош технологиялык университетинде даярдалат.”- деди.
Шыктанган жаштар, демилгелүү студенттер, билимдүү адистер катышкан жолугушууда социалдык тармактарды билим чөйрөсүн калыптандыруу, адеп-ыйманды ойготуу, ынтымакка чакыруу жана, жагымдуу киреше табуу тармагына колдонуу боюнча сунуштар айтылып, долбоорлор сунушталды.
ОшТУнун ЖАШТАРЫ СОЦ. ТАРМАКТЫ ПАЙДАЛУУ КОЛДОНУУ ҮЧҮН✨