Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин демилгеси менен санариптештирүү боюнча регионалдык жаштар форуму башталды. Аталган иш-чара жаңы санариптик чечимдер жөнүндө кеңири маалымат берүү жана аймактардын тургундарына, негизинен жаштарга инновациялык санариптик технологияларды колдонуу көндүмдөрүн үйрөтүү максатында уюштурулуп, мында санариптик технологиялардын көргөзмөсү коюлду.
Форумду ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору, доцент У.Ж. Мамытов, Ош шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Н.С. Кадыров, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары З.К. Кожомуратов ачып беришти.
Форумдун ачылышында катышуучулар өлкөнүн аймактарынын тургундарынын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилешип, жарандарды санариптештирүү процессине активдүү катышууга чакырышты.
Санариптештирүү боюнча аймактык жаштар форумунун алкагында өлкөнүн алдыңкы санариптик уюмдарынын Министрликке караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү, “D-CASA – КР” долбоорунун өкүлү, «MEGA», «Beeline» жана «О» мобилдик операторлорунун өкүлдөрү сөз сүйлөштү.
Иш-чарага Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери, жаштар уюмдарынын активдүү мүчөлөрү жана шаар тургундары катышты. Аларга мамлекеттик кызматтарды алууда “Түндүк” тиркемесинин артыкчылыктары жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.